Конор Макгрегор Валентина Шевченкого: «Сен укмуш кыйынсың!»

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Твиттер баракчасында Валентина Шевченконун Ultimate Fighting Championship (UFC) турнириндеги жеңишине реакция кылды.

«Валентина, сен укмуш кыйынсың!» — деп кыргызстандык айымга баа берди. 

Кечээ, 26-сентябрда Валентина Шевченко Лас-Вегаста өткөн Ultimate Fighting Championship (UFC) 266 мелдешинде америкалык Лорен Мерфини жеңди. Ал уюмдун чемпиондук курун алтынчы жолу коргоду.