Криштиану Роналду 19 жылдан бери биринчи жолу «Алтын топ» сыйлыгына көрсөтүлгөн жок

Криштиану Роналду 19 жылдан бери биринчи жолу футболчуларга берилүүчү эң абройлуу «Алтын топ»  сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.

France Football басылмасы 30 талапкердин тизмесин жарыялады. 30 ысымдын ичинен 19 жылдан бери биринчи жолу португалиялык «Аль-Наср» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жок болуп чыкты.

«Алтын топ» сыйлыгы өткөн кылымдын ортосунан бери жыл сайын берилүүчү беделдүү сыйлык. Бул сыйлыкты Роналду 5 жолу алса, Лионель Месси 7 жолу алып рекорд койгон.