Криштиану Роналду курамага киргизген голу боюнча рекорд койду

«Манчестер Юнайтед» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Португалиянын эсебине киргизген голу боюнча рекорд киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ, 5-июнда Лиссабондо өткөн Улуттар аралык лигада Португалия Швейцариянын улуттук командасын кабыл алды. Криштиану Роналду эки гол киргизип, португалиялыктар жалпы 4:00 эсебинде утушка жетишти. Мындан улам Роналду курама командага киргизген голу боюнча рекорд жаратты.

Белгилей кетсек, Роналду курамага жалпы 117 гол алып келген. Бул дүйнөдөгү курамада ойногон оюнчулар арасындагы мыкты көрсөткүч катары бааланат.