Криштиану Роналду «Манчестер Юнайтедге» өттү. Эми ал жылына 29,1 миллион евро алат

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду «Манчестер Юнайтед» менен 2023-жылга чейин келишим түздү. Келишимдин шарттарына ылайык, форварддын айлыгы жылына 25 миллион фунт стерлингди (29,1 миллион евро) түзөт.

Англис клубунун сайты футболчу менен салашдашты. «Манчестер Юнайтед» клубу Ювентус менен Криштиану Роналдунун трансфери боюнча макулдашууга жетишкенин ырастоого кубанычта, эми суроо жеке шарттарда, виза жана медициналык кароодо», — деп жазды клуб. 

Футболчу буга чейин — 2003-2009-жылдары «Манчестер Юнайтедде» ойногон.