«Кыргыз элим, бул жеңишим сиздерге арналат». Акжол Махмудовдун кайрылуусу (видео)

Соцмалдык тармактарга Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовдун Кыргыз элине кайрылган видеосу тарады.

«Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Төө мингенде жигитти төбөсүнө көтөрүп, тегерете эл жүрөт. Жөө жүргөндө жигитти, жөн жүрбөйт го мобул деп, жөөлөй түртүп, эл күлөт» дейт. Максатына жетпей калган жигиттерди эч качан сындабагыла»,— деди ал.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.