«Эрежени сактабагандар стадиондон чыгарылат!». Кыргыз футбол союзу элге кайрылуу жасады

Кыргыз футбол союзу бүгүнкү Кыргызстан-Тажикстан беттешинде күйөрмандарды эрежени сактап отурууга чакырат. «Өз үйүбүздө болуп жаткан оюнда улуттук курама команданы маданияттуу колдоп, команданын аракетин жүрүм-турумубуз менен текке кетирип албайлы!» — деп жазылат кайрылууда.

Мыйзамга ылайык, күйөрмандарга төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

— Диндик, расалык, этникалык жана улуттук конфликтти козуткан, иш-чара катышуучуларын, күйөрмандарды мазактаган жазуу жана символдорду алып келүү;
— Бат тутанган, уулуу, жардыруучу заттар, пиротехникалык, учтуу жана кесүүчү нерселер, ок атуучу курал, чоң сумка, портфель, чемодан жана айнектен жасалган буюмдарды алып келүүгө;
— Стадионго мас абалда келүү, алкоголдук ичимдиктерди алып келүү, ичүү, спорттук комплексте тамеки чегүүгө;
— Оюнга катышуучуларга жана оюн талаасына ар кандай нерселерди ыргытуу;
— Оюн талаасына чыгуу, машыктыруучулар, калыстар, жана оюнчуларга ылайыкталган бөлмөлөргө кирүүгө;
— Тепкич, өтмөк, отургуч, люк, дубалдарга, тосмо жана тирөөчтөргө секирүүгө.

«Күйөрмандар бул эрежелерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, түшүнүү менен кабыл аларына ишенебиз. Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңордон көз каранды. Эрежени сактабагандар стадиондон чыгарылат!» — деп жазылат кайрылууда.