«Убакыт керек». Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев милдетин айтты

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланган Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, колдогондорго ыраазычылык билдирди.

«Футбол дүйнөдөгү эң популярдуу спорт гана эмес, өлкөнүн имидждик көрсөткүчтөрүнун бири. Бул спорт мамлекеттин эл аралык статусун аныктап, анын кадыр-баркына чоң таасир этет. Ошондуктан көптөгөн өлкөнүн жетекчилери футболду өнүктүрүүгө көңүл бурушат. Биздин өлкө башчыбыз ата мекендик футболго көз салып, аны өнүктүрүү боюнча демилгелерди ар тараптуу колдоп келет. Футболдогу соңку окуяларды баамдап турган мамлекет башчыбыз өз тынчсыздануусун билдирип, күчөтүлгөн колдоо көрсөтүүнү чечти. КФСтин жетекчилиги менен бир нече жолку жолугушууда маселелер боюнча ой-пикир алмашып, футболдун көйгөйүн белгиледик. Бүгүнкү күндө ата мекендик футбол өзүнүн өнүгүшүнүн маанилүү баскычында турат. Буга чейин футболго мамлекет тарабынан көңүл бурулган эмес, бирок ушул жылдан тарта жетиштүү каражат бөлүнүп, колдоого алынат. Биздин иш-аракеттерибиз заматта жемишин бербей турганын түшүнүү зарыл. Убакыт керек. Алдыбызда кадр маселеси турат. Машыктыруучулар менен калыстар жана футболдогу башка адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн көптөгөн иш-аракет жасоого милдетүүбүз. Өлкөнүн бардык райондорунда техникалык базаны бекемдөө боюнча иштер күчөтүлүп, стадион менен машыгуу борборлорун куруу жана реконструкциялоо боюнча иштер жүрөт. Жаңы президент катары менин милдетим — биздин ишмердүүлүккө керектүү шарттарды камсыз кылуу. Биздин мойнубузда чоң жоопкерчилик жана милдеттер бар. Андыктан ошолорду ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте футбол үй-бүлөсү ичинде ынтымакты бекемдөө керек», — деди ал.