Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматтан кетти

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматтан кетти. Ал парламенттик шайлоого барууну чечкенин айтты.

«Күч-аракетимди шайлоого жумшоону чечтим. Федерацияда аткарыла турган иштер көп. Менин отставкам 11-октябрда боло турган аткаруу комитетинин жыйынында каралат», — деди ал.

Канатбек Маматов 2019-жылдын 11-февралында Семетей Султанов кызматтан кеткенден кийин Кыргыз Республикасынын Футбол союзунун президенти болуп шайланган.