Кыргыз футболчулары машыгуу өткөрүү үчүн Сауд Арабияга барды (видео)

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагындагы оюндарга даярдык көрүү максатында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Жидда шаарына барды.

Максим Лисицындын командасы Катар курама командасы менен конокто (10-октябрда), ошондой эле өз оюн талаасында Түндүк Корея менен (15-октябрда) беттешет. Отуз оюнчудан турган команда 8-октябрга чейин машыгуу жыйынын өткөрүп, андан соң биринчи беттешин өткөрүү үчүн Катарга жөнөйт.