Кыргыз кураманын футболчусу машыгуу учурунда мушташып кеткени үчүн 5 жылга четтетилди

Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Мирбек Ахматалиев 5 жылга дисквалификацияланганын Кыргызстандын футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз футбол биримдигинин атына «Мурас Юнайтед» футболдук клубунун жетекчилигинен кат келип түшкөн. Анда машыктыруучулар штабы жана клубдун спорт директору иштен алынганы айтылган.

Анын себеби, 15-августта Бишкектеги «Сельмаш» стадионунда команданын машыгуусу учурунда клубдун оюнчулары катышкан чыр-чатак орун алган, андан улам клубдун чет элдик оюнчусу (легионер) Евгений Терси жаракат алып, тагыраагы жаагы сынган. Аталган окуянын демилгечиси клубдун оюнчусу Мирбек Ахматалиев болуп чыккандыктан, клуб бул оюнчу менен эмгек мамилесин токтотууну чечкен.

22-август күнү Кыргыз футбол биримдигинин Дисциплинардык комитетинин отуруму орун алып, анда «Мурас Юнайтед» клубунун өйдөдө белгиленген кайрылуусу каралды. КФБнын Дисциплинардык комитети тартип бузуу жөнүндөгү иштин чоо-жайы менен таанышып, КФБнын Дисциплинардык кодексинин №118 беренесине ылайык, Мирбек Ахматалиевди футболго тиешелүү баардык ишмердүүлүктөн 5 жылга чететтүү чечимин кабыл алган.