Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

22-23-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 22-23-мартта кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чемпионатка 7 облустан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген балбандар 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, +96 кг салмакта күч сынашат.

Ал эми мелдештин жыйынтыгы менен кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы түзүлүп, алар дүйнөлүк, Азия чемпионаттарында, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана башка эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргошот.

Ошондой эле мекеменин айтымында программа ылайык, мелдештер 22-мартта саат 10:00до өтүп, ачылыш аземи саат 14:00дө башталат.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулат.