Кыргыз кыз-келиндер курамасы CAFA мелдешинде коло медаль алды

Кыргызстандын U-15 кыз-келиндер курамасы кечээ күнү Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында жыйынтыкталган CAFA U-15 Women’s Championship эл аралык мелдешинин коло медалдарын жеңишти. Турнир алкагында курама үч беттеш өткөрдү. Аларда команда Иран (1-5), Өзбекстан (0-1) курамаларынан жеңилүү ызаасын тартып, Тажикстан курамасын 3-1 эсебинде жеңип, үч упай топтоду.
Мелдештин жыйынтыгы:
1-орун — Иран (9 упай)
2-орун — Өзбекстан (6 упай)
3-орун — Кыргызстан (3 упай)
4-орун — Тажикстан (0 упай)

Индивидуалдык сыйлыктар:

Атайын сыйлык — Кыргызстан
«Fair play» сыйлыгы — Тажикстан
Мелдештин бомбардири — Мариям Халифар (Иран)
Мелдештин мыкты оюнчусу — Ясна Жафарния (Иран)

Бул турнирде кураманын башкы машыктыруучусу Наталия Гайворонскаяга Talent Caoch программасы боюнча Кыргызстанда иштеген испандык адис Дэниел Лимонес жардам берди.