Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасы менен Палестинанын футбол боюнча курама командаларынын ортосундагы мелдешине барды.
Бул мелдеш 23 жашка чейинки (U-23) курама командалар арасында 2026-жылы өткөрүлө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өттү. Мелдеш 2:1 эсебинде Кыргызстан курама командасынын жеңиши менен аяктады.