Кыргыз спортчулар «Токио-2021» допингге каршы курсунан өтүштү (сүрөт)

ХХХII Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар «Токио-2021» допингге каршы курсунан өтүштү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү жана Токиодогу ХХХII Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган спортчулар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту.

Жолугушууга УОКтун биринчи вице-президенти Канат Аманкулов, УОКтун башкы катчысы Саламат Эргешов, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.