Кыргыз волейболчулары КМШ өлкөлөрү арасындагы фестивалда жеңишке жетишти

23-27-ноябрь аралыгында Орусиянын Москва шаарында “КМШ өлкөлөрүнүн ачык оюндары” аталышындагы фестиваль болуп өтүп, анда спорттук оюндар боюнча мелдештер орун алды. Ага 10дон ашуун мамлекеттердин диаспораларынын өкүлдөрү келип катышкан. Фестивалда «КG лига» командасы менен кыргыз волейболчулары да оюн көрсөтүп, биринчи, экинчи орунду ээлешти. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз волейболчуларынын жетекчиси Мухтар Жантороев SUPERTV.KG сайтына билдирди.

“Кыргыз волейболчуларынан жалпысынан 5 курама команда барып биринчиликкке ат салышкан. Натыйжада 10дон ашуун команданын ичинен Кыргызстандын атынан чыккан командалардын бири  1-орунду, ал эми экинчиси экинчи орунду утуп алды. Муну менен биз кыргыз спорту миграцияда жүрсө да өнүгүү жолунда экенин далилдедик”, – деди Мухтар Жантороев.