Футбол: Кыргызстан 1-таймда гол киргизип жетишти (видео)

Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстан менен Катардын курамалары беттешип жатышат.

Беттешти көрүүгө өлкө башчысы Садыр Жапаров келди. Ошондой эле Бишкекке Катар футбол ассоциациясынын президенти Жассим Аль Буанинин жетекчилиги алдындагы Катар ассоциациясынын делегациясы да келген.

1-таймдын 45-мүнөтүндө Кыргыз курамасы эсеп санды ачып, күйөрмандарын сүйүнттү. Калыстар бул таймга 2 мүнөт кошуп беришкен. Бирок кошуп берилген убакытта эсеп сандар өзгөргөн жок.