Кыргызстан менен беттеш алдында Тажикстан курамасы коргоочусуз калды

Бүгүн, 14-июнь күнү Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтчү Кыргызстан-Тажикстан беттешинин алдында Тажикстан курама командасынан коргоочусу оюнга катышпай тургандыгы маалым болду. Бул тууралуу Акипресс жазды.

Маалыматка караганда, Тажикстандын курама командасынын коргоочусу Давронжон Эргашев команданын жыйынына кечигип келген. Ошого байланыштуу машыктыруучу аны Тажикстан-Мьянма беттешинде курамга кошпой койгон. Жыйынтыгында Эргашев менен машыктыруучу чырдаша кетип, коргоочу команданын катарынан чыккан.

34 жаштагы Давронжон Эргашев курамада 69 оюн өткөрүп, 8 гол киргизген.