Кыргызстан менен Омандын футболдук беттеши башталды

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Омандын курамаларынын футболдук беттеши башталды.

Кыргызстандын курамасы ак түстөгү форма менен чыкты. Беттешке президент Садыр Жапаров келди.