Кечээ, 16-январда футбол боюнча улуттук курама команда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун алкагында алгачкы беттешин өткөрдү. Биринчи турда, F тайпада улуттук курама команда менен Таиланддын курама командасынын беттеши Таиланддын жеңиши менен аяктады.
Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович «Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок» деди.
«Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол — бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көргөздүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушуда болду.