Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

Кечээ, 17-ноябрь күнү Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасына катышкан клубдардын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Жыйында чемпионаттардын аталыштарын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды. Чечимге ылайык, «Премьер-Лига» «Жогорку Лигага», ал эми «Улуттук Лига» — «Биринчи Лигага» өзгөртүлдү.

Ал эми, жаңы сезондон тарта Биринчи Лиганын жеңүүчүсү Жогорку Лигага түз жолдомо алса, анда акыркы — 16-орунду ээлеген команда Биринчи Лигага түшөт.

Жыйынга КФБ, КПФЛ жетекчилиги жана «Дордой» (Бишкек ш.), «Алга» (Бишкек ш.), «Илбирс» (Бишкек ш.), «Бишкек Сити» (Бишкек ш.), «Азиягол» (Бишкек ш.), «Кыргызалтын» (Кара-Балта ш.), «Абдыш-Ата» (Кант ш.), «Талант» (Беш-Күңгөй а.), Нефтчи («Кочкор-Ата» ш.), «Мурас Юнайтед» (Манас ш.), «Өзгөн» (Өзгөн ш.), «Алай» (Ош ш.), «ОшМУ» (Ош ш.), «Барс» (Каракол ш.), «Токтогул» (Токтогул ш.), «Азия» (Талас ш.) футбол клубдарынын жетекчилери катышты.