Кыргызстанда VAR-системасы алгачкы жолу расмий колдонулду

Бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда 1ХВЕТ Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасынын алкагында орун ала турган «Мурас Юнайтед» — «Дордой» беттеши орун алып, анда Кыргызстандын чемпионаттар тарыхында алгачкы жолу калыстарга видео жардам системасы (VAR) колдонулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты.
Буга чейин КФБ көп этаптуу даярдык жана системаны сыноодон өткөргөндөн кийин ФИФАдан VAR-ды Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда колдонуу үчүн уруксатын алган. Беттеш өзбекстандык жана ата-мекендик адистер тарабынан тейленди.
Аталган стадиондо Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын (БАФА) 20 жашка чейинки курама командалар арасында 5-июлда старт ала турган эл аралык мелдешинде калыстарга видео жардам системасы колдонулат. Аталган система БАФА чемпионаттар тарыхында да биричин жолу иштейт.