Кыргызстандык 3 спортчу пара дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 5-9-ноябрь күндөрү Баку шаарында өтө турган пара дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Дүйнө чемпиондугуна катыша турган курама команданын тизмеси:

1. Суранов Маматибрагим

2. Абдикаримов Темирлан

3. Хусан кызы Хайитхон

Спортчулар пара дзюдо боюнча машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги астында чемпиондукка катышат.