Кыргыз балбаны Айаал Лазарев UFC мушкери Александр Романовду көтөрүп чаап утуп алды

Кыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев UFC мушкери, молдовалык спортчу Александр Романовду утуп алды. Балбандар Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү дүйнөлүк лицензиялык мелдеште көңүл жубатуучу этапта кез келишти.

Турнирдин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) сайты түз алып көрсөтүүдө.

Турнир ушул күндөрү Болгариянын София шаарында өтүп жатат. Лазарев биринчи бөлүктө 1:0 эсебинде утулуп жатып, тик турган позициядан атаандашын көтөрүп чаап, ошол бойдон килемге басып далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Спортчулар экөө тең баштапкы этапта Индия балбаны Сумит Сумитке жеңилген. Ал финалга чыккандыктан Лазарев менен Романов коло байгеге ат салышуу үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгышкан.

Кыргызстандык балбан эми тажикстандык Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык Хосе Даниэль Диас Роберти менен коло байге талашат.

Молдовалык Александр Романов UFC уюмунун мушкери. Ал промоушнде үч ирет октагонго чыгып, баарында жеңишке жеткен. Жалпысынан ММА спортунда 14 жолу таймашка чыккан болсо, бир да жолу жеңиле элек болчу.