Кыргызстандык балбандар Новосибирскте өткөн турнирде эки медаль утушту

Кыргызстандык балбандар 11-12-сентябрда Новосибирскте өткөн грек-рим күрөшү боюнча турнирде эки коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Байге орундарын Калы Сулайманов (63 килограмм) менен Бексултан Махмудов (97 килограмм) алган.