Кыргызстандык балбандар Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 17-20-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтөт. Спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 5-17-июнь күндөрү Грузиянын Бакуриани шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүшөт.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама мелдешке төмөнкү курамда катышат:

1. Жоломан Шаршенбеков, 60 килограмм;
2. Калы Сулайманов, 60 килограмм;
3. Амантур Исмаилов, 67 килограмм;
4. Марлен Асыкеев, 67 килограмм;
5. Руслан Царев, 72 килограмм;
6. Акжол Махмудов, 77 килограмм;
7. Акылбек Талантбеков, 77 килограмм;
8. Калидин Асыкеев, 82 килограмм;
9. Атабек Азисбеков, 87 килограмм;
10. Азат Салидинов, 87 килограмм;
11. Узур Жузупбеков, 97 килограмм;
12. Бексултан Махмудов, 97 килограмм.