Кыргыз балбандары Украинадагы мелдешке катышат

Өлкөнүн эркин күрөш боюнча улуттук командасы Украинада өтө турган эл аралык мелдешке кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул мелдешти дүйнөлүк күрөш уюму уюштурууда. Аталган XXIV эл аралык мелдеш 26-28-февраль күндөрү Киев шаарында өтөт.

Аталган мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш боюнча командасы төмөнкү курамда катышат:

  1. Бекболот Мырзаназар уулу — 57 кг;
  2. Алмаз Сманбеков — 57 кг;
  3. Улукбек Жолдошбеков — 57 кг;
  4. Икромжан Хажимурадов — 61 кг;
  5. Алибек Осмонов — 65 кг;
  6. Эрназар Акматалиев — 65 кг;
  7. Айбек Токтогул уулу — 65 кг;
  8. Ислам Орозбеков — 70 кг;
  9. Эламан Догдурбек уулу — 74 кг;
  10. Арсалан Будажапов — 74 кг;
  11. Саякбай Усупов — 74 кг;
  12. Нарбек Изабеков — 79 кг;
  13. Нуртилек Карыпбаев — 86 кг;
  14. Мирлан Чыныбеков — 86 кг;
  15. Дөөлөтбек Жамгырбек уулу — 92 кг;
  16. Сымбат Сулайманов — 97 кг;
  17. Айаал Лазарев — 125 кг;
  18. Бактыгүл Алишева — дарыгер;
  19. Сүймөнкул Таабалды уулу — ага машыктыруучу;
  20. Исламбек Тазабеков — ага машыктыруучу;
  21. Русланбек Мажинов — башкы машыктыруучу.

Балбандар мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги календарлык планына ылайык жөнөтүлдү.