Эл аралык Олимпиада комитетинин аккаунтунда эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын медалчыларынын селфиси жарыяланды.
Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында 68 килограмм салмакта жеңүүчүлөр: Мээрим Жуманазарова (күмүш, Кыргызстан), Амит Элор (алтын, АКШ), Тосун Чавушоглу (коло, Түркия), Ноноки Озаки (коло, Япония).
Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде байгелүү орундарга ээ болгон мырзалар: Као Лигуо (күмүш, Кытай), Кеничиро Фумита (алтын, Япония), Жоламан Шаршенбеков (коло, Кыргызстан) жана Ри Се Юн (коло, Түндүк Корея).