Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев дагы Олимпиадага жолдомо алды

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Владимир Золоев Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Дзюдочуларга жолдомолор ар кандай эл аралык мелдештердеги жеңиштеринин натыйжасында түзүлгөн дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыгы менен берилди. Владимир Золоев жолдомосун Азия континентине берилген квота боюнча алды. Себеби ал 81 килограмм салмакка чейинки категорияда Азиянын учурдагы чемпиону.

Буга чейин дзюдочу Юрий Краковецкий дагы 100 килограммдан ашык салмак категориясында Олимпиадага түз жолдомо алат деп күтүлүп жаткан. Бирок ал бир нече мелдештерге бара албай калган.

Золоев Кыргызстандын атынан жайкы Олимпиада оюндарына катыша турган он бешинчи спортчу болду. Ага чейин жолдомону Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев (грек-рим жана эркин күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая (жеңил атлетика, марафон чуркоо), Роман Петров (фехтование), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу) жана Денис Петрашов (сууда сүзүү) жеңген.