Кыргызстандык футболчу Роналдиньодой гол киргизди. Видео

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов Бангладештин чемпионатында алгачкы голун жаратты.

22-февралда Бангладештин футбол боюнча биринчилигинде кыргызстандык футболчунун «Бангладеш Полис» командасы «Шейх Жамал» футбол клубу менен беттешкен. Оюн 3:3 эсебинде жыйынтыкталган.

Ахмедов алгачкы мүнөттөрдөн баштап эле ойноп, 1 гол жаратууга жетишкен. Бул гол белгилүү футболчу Роналдиньонун 2002-жылы Дүйнө чемпионатында жараткан голуна окшош.