Кыргызстандык футболчулар Азиянын «Апта оюнчусу» жарышына талапкер болушууда

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын Алматы шаарынын «Кайрат» футбол клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Азиядагы «Аптанын оюнчусу» жарышына кайрадан талапкер болууда. Бул боюнча Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтында  сурамжылоо жүргүзүлүп жатат.

Сурамжылоодо Азиядагы Иран, Австралия, Япония сыяктуу алдыңкы футболдук өлкөлөрдүн оюнчулары ат салышууда.

«Өткөн жуманын жеңүүчүсү кайтып келди. Ошондуктан ал Кайраттын кезектеги мыкты оюнунан кийин талапкерлердин тизмесин баштайт. Кыргызстандык оюнчу өз командасына биринчи голду киргизип, андан кийин коргоочуну жазгырып өтүп, топту дарбаза торунун төмөнкү бурчуна багыттап экинчи голун киргизген», — деп жазылат АФКнын сайтында.

13-мартта Казакстан Премьер-лигасында «Кайрат» менен «Жетису» клубу кез келип, анда Алыкулов бир голдук пас берип, 1 гол киргизген.

АФК Гүлжигиттин апта ичиндеги оюнундагы статистикасын белгилеген. Анда Алыкулов «Жетису» командасына каршы беттеште 80 мүнөт ойноп, 1 гол киргизип, 1 голдук пас бергенин, командалаштарына топ өткөрүп берүүсү 84 пайыз так болгон.

Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана Россиянын Улуттук лигасындагы “Енисей” клубунун коргоочусу Валерий Кичин дагы Азиянын “Аптанын оюнчусу” жарышына талапкер болууда.

“Кыргыз курама командасынын капитаны Валерий Кичин мыкты бомбардир эмес, бирок анын дарбазага кандайча сокку узатканын ар дайым байкап туруш керек. Енисейдин коргоочусу алыскы аралыктан эки мыкты сокку узатып, Россиянын Улуттук Лигасында Шинникти 6:0 эсебинде утуп, төрт күндөн кийин мыкты коргонуу оюнун көрсөттү», — деп жазылат АФКнын сайтында.

АФК Валерий Кичиндин апта ичиндеги оюнундагы статистикасын белгилеген. Анда Кичин «Шинник» командасына каршы беттеште 90 мүнөт ойноп, 2 гол киргизип, 77 жолу ийгиликтүү топ чыгарып берип,17 жалгыз күрөштү жеңип алган. Ал эми москвалык «Торпедо» менен 90 мүнөт ойнолгон оюнда 11 дуэлде жеңишке жетип, 7 жолу атаандаштарына тоскоолдук жараткан.

Добуш берүү 21-мартта жыйынтыкталат.