Кыргызстандык жаачылар эл аралык мелдешке катышышат

Өлкөнүн жаа атуу боюнча курама командасы эл аралык «Alpomish va Barchinoy» мелдешине катышканы жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаачылар  аталган эл аралык мелдешке 22-27-февралда Ташкент шаарына барышат. Ошондой эле мелдешке жаа атуу боюнча курама командадан  Асел Шарбекова, Улукбек Курсаналиев, Айтурган Маматкулова, Жибек Канатбек кызы, Азим Осмоналиев жана Диана Канатбек кызы барышат.