Кыргызстандык жөө күлүктөр Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтө турган жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Турнир 19-27-августта Будапештте өтөт. Кыргызстандын курамасында жөө күлүктөр Тимур Исаков менен Гүлшанай Сатарова жарышка чыгат.

Спортчулар машыктыруучу Андрей Полубабкиндин жетекчилиги астында чыгышат.