Кыргызстандык кикбоксчулар Түркиядагы эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти

8-апрелден 11-апрелге чейин Түркиянын Анталия шаарында өткөн кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште («Turkish Open Kickboxing European Cup») Кыргызстандын спортчулары 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандык спортчулар 3 алтын, 1 коло медаль утушкан. Алтын медалдарды Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана юниорлор арасында 51 кг салмакка чейинки категорияда Марат Мусаев тагынды. Ал эми Ахрор Розбаев коло байгеге ээ болду.

Мелдешке 20 өлкөнүн спортчулары катышкан.