Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченконун «UFCде» рейтинги көтөрүлдү

Кыргызстандык мушкер айым Антонина Шевченко (каймана аты Пантера) «UFCнин» рейтингинде бир позицияга көтөрүлүп, жеңил салмак категориясы боюнча 12-орунга чыкты. Мындай көрсөткүчтү уюмдун сайты жарыялады.

Эске салсак, спортчу 2020-жылдын ноябрь айындагы «UFC 255» турниринде алдын ала Ариан Липскийди жеңип, биринчи жеңишке жеткен. Ал эми анын кийинки беттеши америкалык Андреа Ли менен май айына пландалган.

«UFC» – таймаштын аралаш түрлөрү боюнча спорттук уюм.