Сүйүнчү! Оор атлетчи Дохада алтын жана күмүш медаль жеңди (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Доха шаарында (Катар) өтүп жаткан эл аралык мелдеште алтын жана күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 109 килограммга чейинки салмакта катышып түртүп көтөрүү ыкмасында 219 килограмм салмакты багындырып алтын медалга ээ болду. Жулкуп көтөрүүдө 162 килограмм салмакты көтөрүп жыйынтыгында 2-орунду камсыздай алды.

Ал эми 67 килограмм чейинки салмакта катышкан Ишимбек Муратбек уулу түртүп көтөрүү ыкмасында 164 килограмм багындырып 3-орунду ээлеген.

4-декабрь күнү Доха шаарында (Катар) башталган Эл аралык мелдеш 14-декабрь күнү жыйынтыкталат.