Кыргызстандык спортчу эркин күрөш боюнча дүйнөлүк мелдеште коло медаль алды

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Айаал Лазарев 6-майдан 9-майга чейин Болгариянын София шаарында өткөн дүйнөлүк лицензиялык мелдеште коло медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Спортчу 125 килограмм салмак категориясында күрөшкөн. Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 7 спортчу катышты