Бүгүн, 7-ноябрда Бишкекке спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы жана башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков келди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Курама команда мүчөлөрүн «Манас» эл аралык аэропортунда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурлан Исмаилов, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова жана башка спортчулардын жакындары, күйөрмандары тосуп алышкан.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чепиондугу 1-ноябрда Белград шаарында (Сербия) старт алган. Анда Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиону аталды.