Кыргыз спортчулары быйыл 15 эл аралык ири мелдешке жана чемпионаттарга барышат

Өлкөнүн спортчулары быйылкы жылы 15 эл аралык ири мелдешке жана чемпионаттарга катышышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин малымат кызматынан билдиришти.

“2020-жылы Токиодо (Япония) өтөт деп белгиленип, коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылган Олимпиада оюндары эң маанилүү болуп эсептелет. Иш-чара 23-июлдан 8-августка чейин созулат. Азыркы тапта алты спортчунун лицензиясы бар. Агенттиктин 13 спорттун түрүнөн дагы 21 лицензия алуу планы бар. Олимпиада бүткөндөн кийин Паралимпиадалык оюндар каралган. Ага да кыргыз спортчулары катышат.

Андан тышкары дагы башка турнирлер бар. Өлкөдө да 3 эл аралык турнир өтөт. Алар «Run the Silk road»,  «Ысык-Көл эл аралык ШКУ» марафону (май айы), триатлон боюнча «Азия чемпионаты» (сентябрь айы), ошондой эле Ысык-Көл оюндары. Мындан сырткары, улуттук спорттун өкүлдөрү Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат.

Жалпы 2021-жылга карата бекитилген жылдык планда биздин спортчулар 15 ири эл аралык оюндарына барышары каралган. Бирок алар бара турчу кээ бир мелдештердин өтө турган күнү азырынча айтыла элек. Ошондой эле айрым турнирлер кайсы мамлекеттерде болору да анык эмес”, — деп билдиришти мекемеден.