Кыргызстандык спортчулар «Кремль кубогунда» байгелүү орундарга ээ болушту

Борбор калаанын спортчулары «Кремль кубогунун» XVI турниринде байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришити.

Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары бильярд боюнча «Кремль кубогунун» XVI турниринде байгелүү орундарга ээ болушту. Турнир Москвадагы «Лужники» спорт сарайында 3 дисциплина боюнча өттү: Эркин пирамида (айымдар арасында), комбинацияланган пирамида (мырзалар арасында), 10-пул (айымдар жана мырзалар арасында).

Кубокко Кыргызстан, Армения, Казакстан, Беларусь, Молдова, Өзбекстан жана Орусиядан жалпысынан 286 спортчу катышып, 12си Кыргызстандан барган.

Биздин спортчулардын көрсөткүчү:

Дастан Лепшаков — 2-орун;
Ызатбек Ратбеков — 3-орун;
Азиз Мадаминов — 5-орун.