Кыргыз бадминтончулары Борбор Азия боюнча чемпиондукта 3-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчулар Тажикстанда өткөн бадминтон боюнча чемпиондукта үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Спорттук оюндар боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары биринчи жолу бадминтон боюнча эл аралык турнирге катышып, командалык эсепте жана жуптар арасында үчүнчү орунга ээ болушту.

Сыйлык алгандар:
Жасмин Айсарова — 2 коло медаль (командалык жана айымдар арасында жуп менен);
Айназик Мээримбекова — 2 коло медаль (командалык жана айымдар арасында жуп менен);
Актан Данияров — 2 коло медаль (командалык жана эркектер арасында жуп менен);
Мансур Турумбеков — 2 коло медаль (командалык жана эркектер арасында жуп менен);
Данил Рысбеков — коло;
Абдумалик Садыков — коло;
Мадина Махаматжанова — коло;
Таалайгүл Турарова — коло;

Спортчулардын машыктыруучулары  —Ниязбек Татарбек жана Майрамбек уулу Улан.

Бадминтон боюнча Борбор Азия чемпионаты 31-июлдан 5-августка чейин өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Түркмөнстандан 15 жана 17 жашка чейинки мыкты бадминтончулар катышты.