12 жаштагы Кыргыз кызы Италияда эл аралык турнирди жеңди

12 жаштагы кыргызстандык спортчу көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Кыргызстандык Салима Султан Италияда өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Мелдештер 27-апрель күнү Италиянын борбору Рим шаарында өттү. Анда Салима Султан 20дан ашык спортчуну арттка калтырып алтын медалды багындырды.