Бүгүн, 9-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын U-23 курама Олимпиадалык курама командасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары алкагында Шри-Ланка командасына каршы чечүүчү беттешти өткөрдү. Беттеш борбор каланын Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алды.
Буга чейин курамабыз «Е» тайпасынын ичинде Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген, ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, ал 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган.
Бүгүнкү беттеш курама командабыздын ишеничтүү 6:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктап, курама командабыз башка атаандаштарды артта калтырып, 7 упай менен турнирдик жадыбалдын 1-орунунан Азия Кубогуна болгон түз жолдомону камсыздады.
Голдордун авторлору: Марлен Мурзахматов (14’, 45+5’), Кими Мерк (46’), Християн Браузман (59’), Эрбол Абдужапаров (67’), Саид Дациев (75′).
Эскертсек, бул жаш курактагы биздин курамабыздын тарыхта алгачкы жолу континенталдык биринчиликке чыгышы!
Финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Аравия автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү — 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт комада финалдык баскычка жолдомо алышты. Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 7-25 январь күндөрү Сауд Арабиясында өтөт.