Кыргызстандын футбол боюнча курамасы жолдоштук беттештерге даярданып жатат (видео)

Өлкөнүн футбол боюнча курама командасы Сингапур жана Бахрейн курама командалары менен өтүүчү жолдоштук беттештерге даярданууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун соцтармактагы баракчаларында жазылды. 

Даярдык «Шабаб Аль Ахли» клубунун базасында өтүп жатат. Ал эми дагы бир мыкты оюнчу Гүлжигит Алыкулов беттеш алдындагы официалдуу машыгууларга чейин команданын катарына кошулаары күтүлүүдө.

Беттеш эртең 11-ноябрда болот. Анда Кыргызстан Сингапурдун курамасы менен беттешет. Ал эми 16-ноябрда Бахрейн менен кез келет. Оюн көрүүчүлөрсүз өтөт.