Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын июнь айындагы рейтингинде 95-орунду сактап калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын 2022-жылдын июнь айына карата жаңыланган рейтингинде 210 команданын ичинен 95-орунду сактап калды.

Кыргызстан футбол союзунун маалыматы боюнча, рейтингде олуттуу өзгөрүүлөр болду: дүйнөлүк рейтингде көрсөтүлгөн 211 өлкөнүн 177си позициясын өзгөрттү. Александр Крестининдин жетекчилиги астында Кыргызстандын командасы 1232 упайга ээ. ФИФАнын рейтингине ылайык, 2023-жылкы Азия Кубогунун финалдык этабына өтө турган чүчү кулакта командалар бөлүнөт.

Рейтингдин алдыңкы ондугу төмөнкүдөй: Бразилия (1837,56), Бельгия (1821,92), Аргентина (1770,65), Франция (1764,85), Англия (1737,46), Испания (1716,93), Италия (1713,86), Нидерланддар (1679,41), Португалия (1679,41) (1678,65), Дания (1665,47).