Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган спорттун ассоциациясы Инстаграм баракчасына билдирди.

«Мен өлкөнүн башкы командасы менен алты жыл болдум. Бул оор жумуш болду. Футзал командасы менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген Кыргызстан футбол союзунун президентине жана аткаруу комитетине ыраазычылык билдирем. Биз футзалыбыз атаандаш боло аларын көрсөтө алдык», — деп Амиржан Мукановдун сөздөрүн жазышты.

Ал бул кызматта 2016-жылдан бери иштеп келген.