1:76. Кыргыз курамасы Орусиядан эмне үчүн ири эсепте утулуп калды? Түшүндүрмө беришти (видео)

Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Кыргызстандын гандбол боюнча кыздар курамасы Орусия менен беттешип, 1:76 эсебинде жеңилип калганы тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев түшүндүрмө берди.

«Кыргызстандын аброю түшкөн жок. Тескерисинче, көңүл бурулуп баштады», — деди ал.