Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте 3-орунду алды.

Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 13-14-апрель күндөрү өттү. Жалпы 10 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Азат Эркимбеков жетектеген 10 спортчу килем үстүнө чыккан. Кыргызстандын спортчулары 8 медаль утууга жетишти, алардын үчөө — күмүш, бешөө коло — медаль.

Жалпы командалык эсепте 1-орунду Иран, 2-орунду Казакстандын курамасы ээледи. Учурда Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 15-апрелде эркин күрөш боюнча беттештер башталды.