Кыргызстандын жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов менен келишим мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.

Мирлан Эшенов жетектеген жаштар курама ушул жылдын сентябрь айында өткөн Азия Кубогунун тандоо баскычында ийгиликтүү ойноп, команда 2025-жылы орун ала турган континенталдык биринчиликке жолдомону камсыздаган.

Кечээ, 15-декабрда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Мирлан Эшенов менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө биримдиктин жетекчиси кабыл алынган чечимди жеткирди. Ташиев Мирлан Эшеновдун ата-мекендик адистердин арасында көрүнүктүүлөрдүн бири экендигин белгилеп, курама жетекчиси катары анын натыйжалуу ишмердүүлүгү жана команданын жетишкендиктери үчүн жеке өзүнүн жана уюмдун атынан ыраазычылык билдирди.