Кыргызстандын жаштар курамасынын Тажикстан менен болгон беттеши тең чыгуу менен аяктады

Кыргызстандын жаштар курамасы кечээ, 9-июль күнү Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын 20 жашка чейинки жаштар арасындагы футбол чемпионаты алкагында Тажикстанга каршы кез келди. Аталган беттеш 0-0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өтүүдө. Мелдештин чүчүгулагынын жыйынтыгында жаштар курама командабыз «А» тайпасында Тажикстан жана Ооганстан командалары менен бирге жайгашкан. Тайпадагы үчүнчү турдук оюндарынын жыйынтыгында Кыргызстан курамасы 4 упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында биринчи орунду ээледи. Курамабыз 12-июль күнү чемпиондук наам үчүн Иран менен кез келет.