Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курамасы Дүйнө чемпиондугунда 6-орунду ээледи

Bronze medalist Kyrgyzstan's Meerim Zhumanazarova poses with her medal after the women's freestyle 68kg wrestling competition of the Tokyo 2020 Olympic Games at the Makuhari Messe in Tokyo on August 3, 2021. (Photo by Jack GUEZ / AFP) (Photo by JACK GUEZ/AFP via Getty Images)

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама командасы Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтынчы орунду ээледи. Үч гана спортчу катышкан команданын эсебинде эки алтын жана бир коло медаль алып келе алышты. 

Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова биринчи, Айпери Медет кызы үчүнчү орунду алышты.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугунда 11-орунду ээлеген. Грек-рим балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Бексултан Махмудов бүгүн килемге чыгышат.